"Таякеси баланы жансыз абалда ооруканага алып келген". Ошто 12 жашар баланын өлүмүнө шектүүлөр изделүүдө

Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы бала киши колдуу каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашып, учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-июнда райондук ооруканадан укук коргоочуларга асынып алып каза болгон баланын жансыз денеси түшкөнү туурасында билдирүү түшкөн.

"Анда бейтапканага баланын жансыз денеси жеткирилгени кабарланган. Жерине барган милиция кызматкерлери каза болгон бала Араван айылынын 12 жаштагы О.А. аттуу тургуну экендигин аныкташты. Маркумду ооруканага саат 10:10 чамасында таякеси (50 жаштагы Х.Х.) алып келгендиги, ал учурда бала жансыз болгондуктан, өлүкканага киргизилгени белгилүү болду.

Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле райондук соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз денеге кароо жүргүзүлүп, бала киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳндүгү белгилүү болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмыштын бетин ачып, шектүүнү табуу боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sainazarov0555
2021-06-26 17:43:31
Тооба кылдым, адам баласы эмне эле болуп баратабыз. Ичим ачышып жатат 12 жашар балага :(
+8
nazira...
2021-06-26 23:32:24
Тайке деп жазылабы, же таяке болобу.ким билет тилчилер жазгылачы. Таеже, таэне д.б.у.с. сөздөрдү.
+1
rahat73.
2021-06-27 15:09:47
Мыкаачылар ойносо оюнга тойбой турган баланы не кылышты адам олтуруу көбөйүп баратат жүрөк ооруйт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан