Бир жыл мурда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Айыпталуучу 22 жарым жылга эркинен ажыратылды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, АКШнын Миннесота штатында мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовин Жорж Флойддун өлүмүнө айыптуу деп табылды.
"Сот аны 22 жарым жылга эркинен ажыратты. Бул мөөнөт мындай кылмыш үчүн кабыл алынган мөөнөттөн он жылга көп. Судья Питер Кэхилл соттун өкүмү айыпталуучунун кызмат абалынан жана ишенимди кыянаттык менен пайдаланганына, ошондой эле Флойдго карата өзгөчө ырайымсыздыгына таянуу менен чыкканын билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, былтыр, 25-майда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган.
Миннеаполис шаардык кеңеши маркумдун үй-бүлөсүнө 27 миллион доллар компенсация төлөп берүү чечимин кабыл алган. Флойддун жакындары компенсация чечимине ыраазы болушканы кабарланган.