"Евро-2020": Дания курамасы ишенимдүү түрдө 1/4 финалга чыкты

Кечээ, 26-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын алгачкы оюну Амстердам шаарында болуп өттү.

Алгачкы жупта Дания курамасы менен Уэльс командасы кез келип, оюн 0:4 эсебинде Дания курамасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен Дания ишенимдүү түрдө турнирдин 1/4 финалына жолдомо алды. 1/4 финалда Дания Нидерланды - Чехия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

1/8 финал, Уэльс - Дания (0:4);

Голдор: Каспер Дольберг (27, 48-м), Йоаким Мехле (88-м), Мартин Брейтуэйт (90+5-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан