Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен 6 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, каза болгондордун үчөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирөө Чүйдө катталды.
Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 1 миң 977ни түздү.