"Евро-2020": Италия кошумча мүнөттө Австрияны жеңип 1/4 финалга чыкты

Бүгүн, 27-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын кезектеги оюну өттү.

Анда Италия курамасы менен Австрия Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда кез келип, оюн 2:1 эсебинде Италиянын жеңиши менен аяктады. Командалар негизги 90 мүнөттө эсеп санын ача албай, кошумча берилген мүнөттө гана 3 гол жаратышты.

Муну менен Италия турнирдин 1/4 финалына жолдомо алса, Австрия турнирдеги жүрүшүн токтотту. Эми Италия 1/4 финалда Бельгия - Португалия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

1/8 финал, Италия - Австрия (2:1);

Голдор: Федерико Кьеза (95-м), Матео Пессина (105-м), Саша Калайжич (114-м).

Италия - Австрия (2:1)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан