Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги: "Базарда сабиздин баасы 70-80 сом болууда"

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин башчысы борбор калаадагы соода дүкөндөрүнө жана "Сары-Өзөн" базарына барып, маанилүү делинген азыктардын баалары менен таанышты.

Анда чекене соода түйүндөрүнүн администрациясы менен өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон бааны жогорулатып жибербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Агенттиктин директору "Сары-Өзөн" дүң айыл чарба базарына да барды. Анда ишкерлер жана дүң сатуучулар менен сабиз, картошка жана башка жашылчалардын баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган базарда жергиликтүү сабиздин дүң баасы килограммы үчүн 70-75 сомдон (жуулбаганы) 80 сомго чейин (жуулганы) сатылууда. Жакынкы күндөрү жаңы түшүмдүн базарга келиши менен баалар турукташарын белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhunusali
2021-06-27 13:44:11
А чекен баасын неге айтпайсынар?Дун баада алып сатарлар алатго?
+3
Luna7
2021-06-27 14:45:13
100 90 болуп ататко бизде 2 жумадан бери
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-06-27 15:04:55
Кече 120 дегенин ала алган жокмун
+4
Asmat84
2021-06-27 20:15:14
Өкмөт эмне себептен бааны көзөмөлдөй албайт бул жерде бир гана алып сатарлар гана пайда көрүп атышат. Ош базарда дарбыз 30 сом болсо кг а оптовый болгон сары озон базарында 15 сомдон сатылууда. Сары өзөн базары оптом болгону менен ошол эле сатылып жаткан камаздардан дааналап (штуктап) деле алса болот экен баасы ошондой эле болот экен. Ошондой эле жашылча жер жемиштердин баардык түрү Ош базарына караганда 40 пайызга чейин арзан алса болот экен. Мен азыр ошол жактан соода кылып калдым. Ош базарыны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан