Жардамчысы менен өбүшкөн окуядан кийин Британиянын саламаттыкты сактоо министри отставкага кетти

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэттью Хэнкок жардамчысы менен өбүшкөн окуядан кийин отставкага кетти. Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыкканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда Мэттью Хэнкок өкмөт башчы менен жолугуп, кызматтан кетиши керектигин, анткени үй-бүлөсүнө жана балдарына "кризистен чыгуу" үчүн көбүрөөк убакыт бөлүүнү каалаганын айтканы жазылат.

"Эрежелерди бузганым үчүн, жакындарымдын ушундай окуяга туш болгону үчүн дагы бир жолу кечирим сурайм. Ушул учурда балдарымдын жанында болушум керек... Кызматтан кетишим керек", - деген министр.

Министрдин жардамчысы менен болгон чуулгандуу окуясы ушул жылдын 6-майында орун алган. Британиянын бардык массалык маалымат каражаттары Мэттью Хэнкок менен жардамчысы Жина Коладанжелонун өбүшүп жаткан сүрөттөрүн жарыялашкан. Сүрөттөр министрликтин мекемесиндеги байкоо камерасынан алынган.

"Коомчулук алардын үй-бүлөсү бар туруп, өмүрлүк жарынын көзүнө чөп салганына эмес, жумуш ордунда өбүшүп, башка жарандар үчүн орноткон бардык санитардык эрежелерди өздөрү бузгандыгына нааразы болушкан.

Оппозиция дароо эле министрди эки жүздүү деп атап, көңүлдөшүн жардамчы кылып алгандыгы үчүн коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында британиялыктарды кучакташпоого, жөнөкөй жыныстык катнашка барбоого жана андан карманууга үндөп келген министр кызматтан алынышы керектигин айтып чыккан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-06-27 20:21:05
Бизде болгондо кайра бет тырмачылык кылып ... Мени көрө албай жатышат. Бул фейк бул монтаж деп чыгышмак. Көрүп эле атпайбызбы, гостиницага барып алышып ремен менен мойнуна тагып ар түрдүү ыкмалары менен видеосун да мойнуна алган жок го бир киши
+7
Rifle_I
2021-06-28 02:17:50
Эркек. Күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап жумушун тапшырып бериптир.
Ушул эрки күчтүү экенинен үлгү алыш керек
Биздин министр вакцина алып, ооруп калып дагы да болсо уу коргошун кайнатып ичип жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан