Исландия өлкөсүндө коронавирус пандемиясынан улам киргизилген бардык чектөөлөр алынды. Чет элдик басылмалар Европа өлкөлөрүнүн ичинен Исландия биринчилерден болуп чектөөлөрдү алганын жазып чыгышты.
Исландия өкмөтүнүн маалыматына ылайык, пандемияга байланыштуу чектөөлөр 2020-жылдын март айында киргизилген.
"Бүгүнкү күндө республикадагы калктын 87 пайызы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алышты. Ал эми 60 пайызга жакыны эки жолку эмдөөдөн өтүштү. Мындан ары жергиликтүү калк социалдык аралыкты сактоого милдеттүү эмес. Ошондой эле массалык топтолууларга жана бет капсыз жүрүүгө уруксат берилди", - деп айтылат маалыматта.