Кечээ, 27-июнда Ооганстан Улуттук Армиясынын 17 аскери "Талибан" кыймылынын чабуулуна туруштук бере албай, Тажикстандын чек арасына өтүп кетти. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, аскерлер "Талибандар" менен түшкө чейин салгылашкандан кийин, туруштук бере албай Тажикстандын аймагына өтүүгө аргасыз болушкан.
"Ооганстан өкмөттүк күчтөрүнүн 17 аскер кызматкери "Шахритус" пункту аркылуу өз өмүрүн сактап калуу үчүн Тажикстандын аймагына өтүүгө аргасыз болушкан. Тажик чек арачылары гуманизм жана жакшы коңшулук принциптерин эске алуу менен мамлекеттик чек араны бузган ооган аскерлерине өз аймагына эркин кирүүгө уруксат берди", - деп билдирген Тажикстандын чек ара кызматы.
Учурда аталган чек ара аймагында абал курч бойдон калууда.
Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.
1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.