"Евро-2020": "Дагы бир сенсация". Бельгия жана Чехия 1/4 финалга чыкты

Бүгүн, 28-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын кезектеги жуптук оюдары өттү.

Анда Будапешт шаарында Нидерланды курамасы менен Чехия кез келип, оюн 0:2 эсебинде Чехиянын жеңиши менен аяктады. Беттештеги биринчи голду 68-мүнөттө Томаш Голеш, ал эми экинчисин 80-мүнөттө Патрик Шик Голештин чыгарып берүүсүнөн кийин киргизди. Ошол эле учурда, 55-мүнөттө Нидерланды курамасынын коргоочусу Маттейс де Лигт оюн талаасынан чыгарылды.

Чейрек финалда Чехия Дания менен кез келет.

Экинчи жуптук оюн Севилья шаарында өтүп, анда Португалия менен Бельгия кез келип, оюн 1:0 эсебинде Бельгиянын жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду 42-мүнөттө Торган Азар жаратты. Калган мүнөттөр Португалиянын үстөмдүгү астында өткөнү менен эсеп саны өзгөргөн жок.

Ал эми Бельгия чейрек финалда дагы бир күчтүү делинген Италия менен кез келет.

Бельгия - Португалия (1:0)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2021-06-28 10:52:59
Италия кучтуу деле эмес,Белгия алга!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан