Бишкекте автокырсык болду. 1 адам каза тапса, 6 адам ооруканага жеткирилди

Бишкекте автокырсык болуп 1 адам каза тапса, 6 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Кырсык 25-октябрда саат 22:00 чамасында Киев-Үмөталиев көчөлөрүндө болуптур. Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус менен Тойота унаалары сүзүшүп, 1989-жылы туулган жүргүнчү каза тапты. Эки унаанын айдоочулары жана 4 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Кырсыкка ким күнөөлүү экенин тергөө аныктайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurmat.kg
2013-10-26 15:26:21
авто кырсык акыркы кундору кобойудо куноолуну соттоп камака отургузуш керек.
0
aitgul.89
2013-10-26 23:36:41
кудай сактасын абайлап шашпай айдаса боло!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан