ГЭС-5 көлмөсүнө чөгүп кеткен 21 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү Аламүдүн районунун Дачное айылынын ГЭС-5 көлмөсүнө 2000-жылы туулган жаран сууга чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, саат 17:02де маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.