"Кытай дагы". Индия акыркы айда Кытай менен чек арасына 50 миң аскер жөнөттү

Акыркы айларда Индия Кытай менен болгон чек арасына 50 миңге жакын аскерин жайгаштырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, Индиянын Коргоо министрлиги аскерлерин жана аба күчтөрүнүн бөлүктөрүн бир нече чек ара аймактарына жайгаштырган. Жалпысынан Кытай менен чек арада 200 миңге жакын индиялык аскер бар. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга көп.

Ошол эле учурда Кытай Индия жана Гималай менен чек араны кайтарууга жооптуу кошумча күчтөрдү жөнөткөнү такталган. Мындан тышкары Кытай чек арага жакын аймакка бункерлерди жана аэродромдорду куруп жатканы айтылды. Бирок бул боюнча расмий комментарий азырынча жок.

Былтыр июнь айында Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болгондугу кабарланган. Өз кезегинде Бириккен улуттар уюму эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-06-28 11:34:40
50 000 аскер эптуубу
Негизи ушул ООН бир нерсени чечеби
Качан болсо эле койгула койгула сабырдуу болгула деп коюп эле жүрө берет.
Негизи ООН ким күнөөлүү экенин далилдеп кыс токтот деп так айта алышабы
+3
Mylatka..
2021-06-28 15:00:23
Asmat84,Карышкырга кой кайтарткан заман ))..(ООНго тиешелүү)
+2
zamir_kgz
2021-06-28 22:31:22
Кудайдан тынччылык гана сурайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан