Аксыда 6 адамдын өмүрү кыйылган уулануу: Дээрлик 4 айдан соң экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Ушул жылдын 4-март күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында адамдардын массалык уулануусу тууралуу маалым болгон. 6 адамдын өмүрүн алган уулануу боюнча экспертиза дайындалган болчу. 4 айдан соң экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгын SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2021-жылдын 2-март күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. аттуу тургуну буюртма берип, өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык кече өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Кечеге Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адам чакырган. Чакырылган жерге 19 адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдап отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген. Отуруштан болжол менен саат 16:30да тарап кетишкен.

Эртеси, 3-март күнү кечинде болжол менен саат 23:00 чамасында отурушка баргандардын алтоо Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилген жана ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлүп, абалдары оор болгондуктан, Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Алардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келген соң каза болушкан", - деп билдиришти ОИИБден.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 280-берене ("санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү Э.Б. 48 саатка камакка алынып, тергөө соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында, кечеге катышкан жарандардын метил спиртине уулангандыгы аныкталган.

Бул кылмыш иштери боюнча Аксы РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери аяктап, Жазык кодексинин 280-беренеси ("санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 135-берененин ("этиятсыздыктан киши өлтүрүү") негизинде соттун кароосуна жиберилген.

SUPER.KG порталы жакындарын жоготкон тарапты, кечени уюштурган делген аялды жана тиешелүү мекемелерди угуп, репортаж даярдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-06-28 16:53:52
Ушул нерсе такыр бизге керек эмес нерсе, качан гана майрамдарда сыйлап урматтаганды токтотуп адамдын тирүүсүндө кадырлап барктап билгенди үйрөнсөк жакшы болот эле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан