26-июнда Москва шаарында өткөн футбол сүйүүчүлөр лигасынын клубдары арасындагы беттеште футболчу оюн талаасында эс-учун жоготуп каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн спорттук басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда футболчунун өлүмү жана анын ким экендиги иликтенип жатат. Себеби оюн учурунда каза болгон футболчу оюнга катыша турган футболчулардын тизмесинде жок болчу. Аны оюнга досу чакырган болушу мүмкүн.
Каза болгон футболчу так эле даниялык Кристиан Эриксендей болуп эс-учун жоготконун дарыгерлер айтышкан.
Эске салсак, 2-июнда өткөн Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.