Биз социалдык тармакта

Өзбекстандан алып келинген автобустар жол киреге 10 сомдон алышууда. Мэрия эмне дейт?

Бишкекке Өзбекстандан алып келинген №71 каттамдагы автобус элди 10 сомдон ташууда. Бул тууралуу социалдык тармактарга колдонуучулар жазып чыгышты.

Бул боюнча шаардык мэрияга байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"№71 автобус каттамы Аламүдүн районуна карайт. Мэрияга тиешелүү №11, 12, 13, 14 автобустар 8 сомдон тейлөөдө", - дешти мэриядан.

Эскертек кетсек, 22-июнда Бишкекте коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин газ менен жүрүүчү 50 экологиялык автобустары линияга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2021-06-28 13:55:32
каалаган жерге токтобой только аялдамага токтогула.
+15
aiba.20201234567
2021-06-28 14:01:28
10 сом нормалдуу
+11
Omyke
2021-06-28 17:00:43
Жакшы элего 10сом
+4
bek.94
2021-06-28 17:50:24
Жөн эле бере бергиле да 10сом жакшы баа итак эле таксиге 3күндө 6айдын акчасын төлөп койдуңар 2-сомго тырышпайлы
+5
bekalife
2021-06-28 23:26:59
Чында эми 10 сом норма эле. Биротоло талтандап кеттинер Бишкектегилер. Мен кундо жумушка 100 сомдук бензин расход кылып барып келем. Эч кимге дартымды айта албай
+2
zhaynak
2021-06-29 10:07:18
bekalife, экообуз жеке унаада барып келебиз, коомдук унаага салыштырып болбойт. Каалаган жерге токтоп туалетке кирип чыксан болот керек болсо. А так туура 2сомунар менен жыгылып калбайсынар, расходту коруп датасынар го.
0
Asmat84
2021-06-29 11:03:31
Элге бекер кылса да жакпаса керек эмнеге бекер. Акча төлөп беришпейби деп аа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан