Бишкекте жашылча жана жер-жемишти дүңүнөн саткан "Сары-Өзөн" базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Сары-Өзөн" базарында саат 23:50 чамасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 01:02де өрт чектөөгө алынып, саат 03:46да толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен базардын аймагында жайгашкан жалпы аянты 1200 чарчы метр болгон үч кафе, 8 даана мөмө-жемиш сатуучу кампа жана сулуулук салону күйгөн. Жабыркагандар болгон жок", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.