"Евро-2020": "Биздин күнүбүз болгон жок". Португалиянын президенти команданын турнирден четтеп калышы боюнча үн катты

28-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Португалия менен Бельгия командалары кез келип, оюн 1:0 эсебинде Бельгиянын жеңиши менен аяктаган. Мындан улам Португалиянын президенти Марселу Ребелу ди Соуза улуттук курамасы Бельгияга каршы укмуштуудай оюн өткөргөнүн жергиликтүү "A Bola" басылмасына берген маегинде айткан.

"Алар турнирде жакшы ойнобосо дагы, мен аларды кабыл алат элем. Ийгилик бир аз жетишсиз болду. Бул оюнда, айрыкча экинчи бөлүктө биздин жолубуз болгон жок. Бул сонун беттеш болду, бардык алмаштыруулар туура жүргүзүлдү, бирок натыйжа берген жок. Эгер Португалия бул оюнда начар ойносо, мен капаланмакмын. Бирок бул биздин күнүбүз болгон жок. Жеңүүчүлөрдү куттукташыбыз керек. Мени кечирип коюуңуздар, команда чындыгында мыкты ойноду", - деген ди Соуза.

Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, плей-офф баскычына 16 команда чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Milduri
2021-06-29 03:53:02
Ооба 2016 Европа чемпиону болушкан Португалия коммандасы өтө соонун ойноду Бельгия менен. Мына дүйнө чемпиону Франция да Швейцарияга жеңилип үйлөрүнө кетмей болушту.
+3
algakaray
2021-06-29 04:02:06
Мбаппе бугун жолу болбой аткан и так эле аны аз келгенсип пенальти тебе албай калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан