Эки кыргыз жеңил атлетчиси Беларуста 4 медаль жеңди

Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь өлкөсүнүн чемпиондугунда 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

"Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкта алтын медаль жана 1500 метр аралыкта коло байгенин ээси болду. Ал эми Мусулман Жоломанов 1500 жана 800 метр аралыкта күмүш байгеге ээ болду", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан