Ош шаарында куралдар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жай табылды.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-беренесинин 2-бөлүмү ("куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча катталып, тергөө иштери башталган.
"Кылмыштуу топтордун бирине таандык болгон бул ок атуучу куралдар менен ок-дарылар Оштогу кароосуз калган үйдөн табылган. Жашыруун жай бөлмөлөрдүн биринде казылып, үстүн таштандылар менен жаап коюшкан.
Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон Калашников үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо табылган. Мындан сырткары тетиктери чачылган абалдагы 16 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылды.
Куралдарды кароо учурунда алардын номерлери өчүрүлгөнү, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилгени аныкталган.
Иликтөө ишин ИИМдин Ош шаарындагы тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Табылып алынган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти аталган министрликтен.