Германиянын футбол курама командасы "Евро-2020" турниринин алкагында Англияга каршы 1/8 финалдын алдында "Уэмбли" стадионунда машыга албайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Лондондо нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт, андыктан беттештин уюштуруучулары аренадагы газондун абалынан чочулап жатышат. Ушул эле себептен Италия жана Австрия курама командалары 1/8 турга чейин "Уэмблиде" машыга алышкан жок.
Бул чечимге байланыштуу Германия курама командасы оюнга даярдануу планын өзгөртүүгө аргасыз болду. Оюнчулар Нюрнбергге жакын жерде жайгашкан базада машыгуу өткөрүштү. Германия курама командасы Лондонго дүйшөмбү күнү кечинде учуп кетет.
Германия УЕФАнын чечимине нааразы, анткени Англия "Уэмблиде" топтук этаптын үч оюнун өткөрдү. Бул Гарет Саутгейттин командасына артыкчылык берет деп ойлошот", - деп жазылат маалыматта.
Англия менен Германиянын беттеши 29-июнь күнү саат 22:00дө болот.