Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда расмий иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды.
Аэропорттон мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Эл аралык аэропортто Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилди.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;
- Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөмбеков;
- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
- Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
- Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.