"Евро-2020": Швейцария Дүйнө чемпионун турнирден четтетип, сенсация жаратты

Бүгүн, 29-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Франция курамасы менен Швейцария кез келип, оюн пенальтилер сериясына чейин жетип, анда Швейцария ийгиликтүү болуп, 1/4 финалга жолдомо алды.

Оюн Бухарест шаарындагы "Националь" стадионунда өтүп, негизги убакыт 3:3 эсебинде аяктады. Кошумча 30 мүнөттүктө дагы командалар эсеп санын өзгөртө албай, оюн пенальтилер сериясына жетти. Анда Швейцария атаандашынан күчтүү болуп, 4:5 эсебинде жеңип алды. Франция курамасынан чечүүчү пенальтини Киллиан Мбаппе киргизе албай калды.

Муну менен Швейцария турнирдин 1/4 финалына чыкты. Эми алар Испания курамасы менен кез келет.

1/8финал: Франция - Швейцария (3:3), (4:5);

Голдор: Харис Сеферович (15, 81-м), Карим Бензема (57, 59-м), Поль Погба (75-м), Марио Гавранович (90-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2021-06-29 09:24:51
Бул видео Караганда мен жуктогон видео жакшы рак болчу
+1
Dembele84
2021-06-29 09:40:26
Вот это сенсацияяяяя!!!! Франция и Голландия уйуно кетти,Чехия и Швейцария дальше оюнун улантат.!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан