
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы ноябрь айында аталган райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле жылы Ч.З. аттуу тааныш адамы арыз ээсинин ишенимине кирип, 1 миң 400 доллар акчасын Орусияга экспорттоло турган алмаларга куту алам деген шылтоо менен алып, из жашырып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Ч.З. аттуу жаранга издөө жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында, аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу аныкталууда.