Жасалма комада жаткан Орусиянын белгилүү ырчысы МакSим жаңы илдетке кабылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер өпкөнүн сезгенишинен тышкары ырчынын боору да жабыркаганын аныкташкан. Алар дал ушул нерсе МакSимдин абалынын кескин начарлашына алып келиши мүмкүн деп божомолдошкон. Бул өнөкөт ооруга өтүп кетиши мүмкүн экени айтылды. Учурда ырчынын өпкөсүнүн 70 пайыздан ашыгы пневмония менен жабыркап, абалы оор бойдон калууда.
Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон.