"Чогуу сатабыз деп 68 тонна бензин алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы февраль айында Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылы февраль айында Туңгуч кичи районунда жайгашкан фирмалардын биринен күйүүчү майды чогуу сатабыз деп 68 тонна көлөмүндөгү бензинди ээлеп алып, убадасын аткарбай из жашырганын жазган. Келтирилген чыгым 2 миллион 500 миң сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектелип 49 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан