
Чүйдө суудан жансыз дене табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"28-июнь күнү Аламүдүн районунун Озерное айылындагы көлмөгө 1980-жылы туулган К.А. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.