"Евро-2020": Испания 3 гол өткөрүп алганына карабастан Хорватияны үйүнө жөнөтүп, 1/4 финалга чыкты (видео)

Бүгүн, 29-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Испания менен Хорватия Копенгаген шаарында кез келип, оюн 5:3 эсебинде Испаниянын жеңиши менен аяктады.

Оюндун негизги бөлүгү 3:3 эсебинде аяктап, оюн кошумча 30 мүнөттүк менен уланды. Кошумча убакытта Испания курама командасы эки мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, башкы машыктыруучу Луис Энрикенин бардык суроолоруна жооп берип коюшту. Голдун авторлору Альваро Мората жана алмашууга чыккан Микель Оярсабаль болду.

Муну менен Испания турнирдин 1/4 финалына чыкса, Хорватия үйүнө кайтууга аргасыз болду. 1/4 финалда Испания Францияны жеңип, сенсация жараткан Швейцария курамасы менен кез келет.

1/8 финал: Испания - Хорватия (5:3);

Голдор: Педри (20-м, өзүнүн дарбазасына), Пабло Сарабия (38-м), Сесар Аспиликуэта (57-м), Ферран Торрес (77-м), Мислав Оршич (85-м), Марио Пашалич (90-м), Альваро Мората (100-м), Микель Оярсабаль (102-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-06-29 19:18:38
Уч гол откоруп алганына карабастан деп маанисин озгортуп жазып атасынар супер инфо. Утулуп калса дагы кийинки турга отту дегендей болуп калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан