Кара-Балтада батирде эс-учу жок абалда табылган кызга куткаруучулар жардам көрсөтүштү

Чүй облусунда батирде 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаран эс-учу жок абалда табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 28-июнь күнү Жайыл районундагы куткаруучуларга Кара-Балта шаарынын Жаңы-Запад кварталында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке барган куткаруучулар бекилип калган эшикти ачканда, батирдин ичинде 1994-жылы туулган кыз эс-учу жок абалда табылган.
Жерине ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, биринчи жардам көрсөткөндөн кийин кызды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан