Жалал-Абад облусунда 33 килограммдан ашуун баңгизат даярдап жаткан жеринен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү Тогуз-Торо районунун аймагында ГАЗ 3110 үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз жарандар баңгизат даярдап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 268-беренеси ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Милиция кызматкерлери жүргүзгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө, Нарын шаарынын 4 тургуну кармалган. Алар 35, 31, 30 жана 29 жаштагы жарандар. Алардын жанынан 5 даана ооздору байланган каптын ичинде өзгөчө кескин жыты бар, жашыл-күрөң түстөгү заттар алынган.
Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жалпысынан 33 килограмм 369 грамм салмактагы марихуана баңги заты экендиги аныкталган.
Жогорудагы төрт жаран 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тогуз-Торо райондук сотунун 25-июндагы токтомунун негизинде, 2 жаран эки айлык мөөнөткө үй камагына бошотулуп, калган экөөсү 2 айга убактылуу кармоочу жайда калтырылды", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.