Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Президентин администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.
Сунушталсын:
— Жогорку Кеңештин аппаратынын, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;
— Жогорку соттун, конституциялык соттун, жергиликтүү соттордун органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.
Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинети:
— Кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөк пулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;
— Бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн", - деп жазылат маалыматта.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.