Биз социалдык тармакта

Кытайлык Sinopharm вакцинасы июль айында алып келинет

Кытайлык Sinopharm вакцинасы июль айынын ортосунда Кыргыз өлкөсүнө алып келинет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.

"Кытай Эл Республикасынан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы июль айынын ортосунда алып келинет. Бардык сүйлөшүүлөр графикке ылайык жүрдү. Вакцинаны алып келүүгө байланыштуу бардык суроолор чечилди", - деп билдирди Бектурганов.

Буга чейин вакцина 20-июнда келери айтылган.

Кытай мамлекети коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде 150 миң доза Sinopharm вакцинасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан