Чүйдө колониядан качып, издөөдө жүргөн аял кармалды

Чүйдө колониядан качып, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан абактан качкан аял кармалган.

1982-жылы туулган Д.Н. аттуу аял Молдовановка айылындагы №26 абактан жазасын өтөп жатып качып кеткенине байланыштуу февраль айынын аягында издөө жарыяланган. Бүгүнкү күндө аял кармалып, Жазаларды аткаруу кызматына өткөрүп берилди.

"Мындан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял уурулукка шектелип жатканы аныкталган. Ал жарандардын ишенимине кирип, ар кандай үй буюмдарын уурдап жүргөнү маалым болгон.

Буга байланыштуу сүрөттөгү аялдын кылмыштуу аракетинен жабыркаган жарандарды жакын жердеги ички иштер органдарына кайрылууну суранабыз", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shaa-82
2021-06-29 13:05:19
Иий бул жанагы инстаграммда куйоом отуп кетти деп алдап тоноп журот деген аялбы, боюнда бар дешип аткан же окшоштуруп атамбы?
0
Гүлзина Каныбекова
2021-06-29 14:13:23
Shaa-82, Ооба, ошол аял.
0
Asmat84
2021-06-29 20:13:15
Мына биздин күч органдарынын шалаакылыгы февраль айынан бери издөөдө жүргөн деп атышат. Ошодон бери издебей эмне кылып жүрүштү, бул аял уурулук кылбай эл козуно көрүнбөй жүргөндө табышмак эмес экен эле да кыйын катын экен издөөдө жүргөнүнө карабай соц тармактарга чыгып жардам сурап жүргөн
Позор позор позор МВД
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан