Коронавирустун биринчи белгилери пайда болгон учурда антибиотиктерди колдонбош керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы жугуштуу оорулар боюнча адиси Айнура Кутманова брифингде билдирди.
"Жөтөл пайда болсо көбү дарылоону антибиотиктерден жана гормоналдык дары-дармектерди ичүүдөн башташат. Бул туура эмес. Оорунун башында жөтөл пайда болсо жылуу суу ичип, чөптөн жасалган жөнөкөй дарыларды ичсе болот. Жана эртерээк доктурга кайрылуу зарыл. Көп учурда дүрбөлөңгө түшүп кетип жатышат, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз", - деп билдирди Кутманова.