Биз социалдык тармакта

Коронавируска чалдыккандарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылат

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска байланыштуу кошумча керебеттерди ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Суворов мектебинин жетекчилиги менен коронавирус илдетине чалдыккандарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттерди жайгаштыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынтыгында Улуттук госпиталда 120 орундуу, Суворов мектебинде 200 орундуу, ошондой эле Курортология институтунда 200 орундуу керебеттерди жайгаштыруу пландаштырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан