"Евро-2020: "No сomment...". Франция футболчуларынын жеңилгенден кийинки эмоциялары

Бүгүн, 29-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Франция Швейцария курамасына утулуп, турнирден четтеп калды. Жеңилүүдөн кийин, Франция курамасынын футболчулары талаадан үн-сөзсүз, маанайлары өтө суз кайтышты.

1. Пенальтилер сериясындагы чечүүчү голду Киллиан Мбаппе киргизе албай калды. Швейцариянын дарбазачысы Ян Зоммер чоң секирик Мбаппенин тепкен тобун тосуп калды.

2. Мбаппени командалаштары дароо колдоого алышкан. Командалаштары эмне болуп кеткенин түшүнүштү. Бул учурда Швейцария күйөрмандары менен укмуштуудай майрамдап жаткан.
3. Франциянын дарбазачысы Уго Льорис пенальтилер сериясында мыкты боло албаганын түшүнгөндөй...
4. Чабуулчу Оливье Жиру эмне болгонун командалаштарынан мурун түшүндү.

5. Дүйнө чемпиондору 1/8 финалдан эле үйүнө кайтууга аргасыз болушту. Эми аларда жүзүн жашыруу гана калган. Сүрөттө 14-номердеги Адриен Рабьо.

6. Лео Дюбуа оюнга катышкан жок. Бирок командадагы маанай баарына бирдей.

7. Франция курамасында алсыз жана ойлуу болуп талаада жатуу гана калды. Башка арга жок.

8. Дүйнө чемпиондору талааны таштап кетишүүдө. Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү аларды мындай абалда көргүсү келбесе керек.

9. "No comment...".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bayern-munchen
2021-06-29 15:40:24
Молодцы швейцарцы!!! Чехтер Нидерланды ыргытты бугун Германия Англияны ыргытат шведдер украиндерди ыргытат
+1
Islam98
2021-06-29 23:55:12
bayern-munchen, Украина утат Кудайым буюрса
-1
Real98
2021-06-30 00:29:30
bayern-munchen, чайналып калды 2:0 гө Бүбү бакшы
+1
Milduri
2021-06-29 15:49:44
Бүгүн Англия Германияны талкалайтко мындайда, күтпөгөн коммандалар 1/4 кө чыгып атышат.
+1
bayern-munchen
2021-06-29 17:10:20
Milduri,Германия чайнап келген и чайнайт бугун дагы
-3
Real98
2021-06-29 17:42:27
bayern-munchen,чайналып калат
+2
Islam98
2021-06-29 21:37:32
bayern-munchen,коруп атабыз бут фаворит командалар чычып атат.Финалда Швейцария менен Украина келсе сенсация болот
0
Islam98
2021-06-29 23:54:23
bayern-munchen,кана Германия чайнаганы 2:0 эсебинде утулду!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан