Бишкек шаарында 5 жашар бала көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулап каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 28-июнда болжол менен саат 20:15 чамасында шаардык балдар ооруканасынан 102 кызматына 5 жаштагы бала денесинен ар кандай жаракат алып түшкөнү тууралуу билдиришкен. Ал ооруканага "Тез жардам" кызматы менен алынып барган, баш сөөгүнөн жана мээсинен жабыркаганы белгилүү болгон.
"Ооруканага барган тергөө тобу окуянын чоо-жайын такташкан. Анда И.Ш. аттуу 5 жашар бала Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн 11-кабатынан кулап түшкөнү белгилүү болгон. Бүгүн, 29-июнь күнү болжол менен саат 10:45 чамасында бала эсине келбей, жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти аталган райондук милициядан.