"Көчөдөн күч колдонуп айфонун тартып алган". Бишкекте тоноого шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июнда Ленин райондук милициясына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Бөкөнбаев көчөсүнөн белгисиз жарандар арыз ээсине күч колдонуп, Айфон 8 үлгүсүндөгү 20 миң сомдук телефонун жана капчыгын тартып алып качып кеткендерин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1ге бир айга камакка алган. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жогу аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан