Өзбекстанда ар бир мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланып жатканы айтылды

Коңшу Өзбекстандын Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору, география илимдеринин доктору Вахоб Рафиков Өзбекстанда жер аянттары чөлгө айланып бара жатканын эскертти. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Бул процесс жыл сайын күч алууда. Мисалы, Өзбекстандын түштүк, чыгыш, түндүк жана барган сайын батыш аймактарында чөлгө айлануу процесси ылдамдап баратат. Карначул, Мирзачул, Шерабад, Далварзин, Каракалпак чөлдөрүнүн чектери кеңейүүдө. Аларга акыркы жылдардагы эң жаш чөл - Арал деңизи кошулду", - деген Рафиков.

Муну менен ал ар бир мүнөт сайын Өзбекстандын 9 чарчы метр жери чөлгө айланып жатканын айткан.

Ошол эле учурда Рафиков бул көйгөйгө эртерээк чара көрүлбөсө, 2030-2040-жылдары түшүмдүү жерлер Ташкентте жана өрөөндүк аймактарда гана калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsbegKG
2021-06-30 09:17:54
Айдаркөлдү жаап Арал деңизине сууну койо бергиле. Сырдарыянан канал аркылуу суу ала берип дарыяны куруттуңар. Пахтачылар күнөөлүү. Лейлекте да климаттын өзгөрүүсүнө алп келген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан