Буга чейин SUPER.KG порталына үч баланын энеси Асылгүл Сүйүнбай кызы кайрылган. Ал экинчи уулун мындан эки жарым жыл мурун 6 саны аман көз жарганын, 5 айлык кезинде алы кетип баштаганын байкап ооруканага алып барганын жана дарыгерлер бала көтөрө албаган антибиотиктерди сайганын, ал антибиотиктер өпкөсүн иштен чыгарып Абдулланы комага түшүргөнүн айтып сыздаган. Баласын ооруканадан "бир апта ичинде чарчап калышы мүмкүн, даярдана бергиле" деп чыгарып койгондон кийин башынан кыйын күндөрдү өткөргөн. Наристеге атайын дем алдыруучу аппараттарды, дары-дармектерди, жадакалса тамагына чейин акча көп талап кылынгандыктан атайын репортаж даярдаганбыз. 2021-жылдын 25-май күнү Абдулла чарчап калды. Апасы менен байланышканыбызда ал буларга токтолду.
"Баламды жоготконубузга дагы деле ишене албайм. Мен Абдулла үчүн баарына даяр элем. Жардам бере албаганыбыз үчүн кечирим сурайм. Учурда Жалал-Абадга ата-энемдикине келдим, балам жок кыйналып кеттим. Анын кошумча тамактарын, кийим, буюмдарын муктаж болгондорго тараттым. Дарыгерлердин бул кылганын эч качан унутпайм, эгер өзүмө келип жакшы болуп кетсем Бишкекке барып №3 балдар поликлиникасына кайрылам, арыздарымды жазам. Дарыгерлердин айынан дагы көптөгөн балдар жабыркашын каалабайм", - деди Абдулланын апасы Асылгүл Сүйүнбай кызы.
Асылгүл Сүйүнбай кызынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.