Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койгон.
Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.