Биз социалдык тармакта

"Таласта мал кайтарып жүргөн". Чүйдө февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы бала табылды

Чүй облусунун Панфилов районунда 2006-жылы туулган Адилет Данияров аттуу бала февраль айынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ушул күнгө чейин Талас облусундагы тааныштарыныкында жашап мал кайтарып жүргөн.

Окуянын чоо-жайы:

8-апрель күнү Панфилов райондук милициясына 1985-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 15 жаштагы баласы 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.

Арыз ээси менен сүйлөшүү учурунда өспүрүм бала Ысык-Көл облусунда туулуп, өскөнү белгилүү болгон. Апасынын айтымында, ал 5-класстан баштап мектепке барбай, үйдөн кача баштаган. Кийинчерээк апталап же айлап жоголуп кеткенин билдирген. Ушул себептүү апасы арызды убагында жазган эмес.

SUPER.KG порталы өспүрүмдүн апасына байланышканда, буларды билдирген: "Балам биз менен такыр байланышка чыккан жок. Нарын облусунун Ат-Башы районунда атасы бар. Ажырашканыбызга 10 жылдан ашты. Негизи үйдөн качканда атасына кетип калчу. Бул жолу ал жакка барбаптыр. Мен экинчи жолу турмушка чыккандан бери балам атасы экөөбүздүн ортобузда эле жүрчү. Бир ай меникинде, кайра атасыныкына жүрүп келчү. Атасынын дагы үй-бүлөсү бар. Менин биринчи турмушумдан 2 балам, экинчи турмушумдан 1 кызым бар. Учурда Чүйдө жашайм", - деп билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-06-29 19:12:49
Ээ атаңын кулагы десе, аман-эсен табылыптыр сүйүнүп атам мен дагы.
+8
Real98
2021-06-29 22:32:35
Ажырашканда ортодо балага эле кыйын чынында... Колдон келсе бала жаралган соң ажырашпаш керек.
+6
Zuura9494
2021-06-30 17:43:26
Ар бир бала оз ата энеси менен болсунчу,ылайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан