Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти тар чөйрөдө эмнелер тууралуу сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тар чөйрөдө чек ара боюнча сүйлөшүүсү 6 саатка созулду. Аралыкта эмнелер жөнүндө сөз болгонун Садыр Жапаров кеңири жыйында айтып берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына расмий делегациянын ичиндеги мүчөлөрдүн бири билдирди.

"Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси тууралуу сүйлөшүлдү. Бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы кадамдарды жасоого ниеттенип, Кыргыз-Тажик чек ара тилкеси боюнча жигердүү иш алып барууну улантабыз.

Ошону менен катар эле аймактык коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөштүк. Жакынкы күндөрү Бишкекте өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйыны өтөт. Биз чек арага жакын жайгашкан жарандардын коопсуздугун камсыздоо ишин күчөтүү боюнча макулдаштык. Мындан тышкары Кыргыз тарап тынчтыкты сактоо боюнча комиссия түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Биз бардык тармакта эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдаштык", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaraisyn
2021-06-29 20:17:07
Неге чмо, ойлонуп көрсөң эмне үчүн чмо дегениңди анан себебин жаз тууган. Эки өлкөнүн мамилеси бул эки тааныштын мамилесиндей эмес. Бирине таарынсаң өмүр бою сүйлөшпөй жүргөндөй. Балким, кечээкиндей окуялар кайра болбош үчүн да жолугушуу маанилүүдүр.
+2
Nara5
2021-06-29 22:06:13
Байкуш Жапаров 6 саат ичинде эмнелерди корду экен. Атасына айтпаган ширин созун айттыбы, же согушуп чыктыбы Кудай билет. Эмнеси болсода кыргыз учун куйуп бышып атат да. Убагында кадырын билели туугандар
+3
stal.ks
2021-06-29 22:18:54
Ошондо келтирген чыгашаны толойт экенби
+4
gafurova01
2021-06-30 08:58:11
Президентибизди Аллах сактасын жаман соз жаман коздордон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан