ИИМ: "Ошто мыйзамсыз сакталган курал кылмыштуу топтун тирешүүсүндө колдонулушу мүмкүн"

Ош облусунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган факты аныкталды. Учурда табылып алынган курал-жарактардын кылмыш жасоодо колдонулганын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн, 29-июнда кабарлашты.
"Өзгөн районунун аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 46 жаштагы айыл тургунунун үйүнөн болжолдуу түрдө "жүзүнчү сериядан" өзгөртүлгөн Калашников автоматы- АК-108 табылды. Тинтүү иштери Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Куралдын, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки иликтөөнүн алкагында соттун токтомуна ылайык жүргүзүлгөн.
Мыйзамсыз аракеттерди жасоого шектүү катары эки жаран кармалып, тергөө органдарына жеткирилген. Алардын бири 28 жаштагы Т.О. мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Алардын куралдарды мыйзамсыз алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга катыштыгы текшерилүүдө.
Тергөө кызматы табылып алынган курал-жарактар ушул жылдын жаз мезгилинде уюшкан кылмыштуу топтордун субъекттеринин ортосунда курал колдонуу менен болгон кылмыштуу тирешүүсүндө колдонулушу мүмкүн деген версияны четке какпайт. Тергөө иштери уланууда", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан