Ысык-Көлдө көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, батирдин балкону толук күйүп кетти

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыкты. Өрт бүгүн, 29-июнда катталганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, куткаруучулар кызматына көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 12:27де толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен көп кабаттуу үйдүн 20 чарчы метр чатыры жана батирдин балкону толугу менен күйдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын билдиришти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан