Биз социалдык тармакта

Сүйлөшүүлөр болгонуна 2 күн өтүп, өтпөй... Түркмөнстандан жалпы суммасы 21 миллион доллар болгон жүк келди

Кыргыз өлкөсүнө Түркмөнстандан 21 миллион доллардан ашык суммага жүк келип түштү. Жашылча-жемиш, санитардык-техникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишимдер президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапарынын учурунда жетишилген. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Белгилей кетсек, 27-июнда Кыргыз-Түркмөн экономикалык форуму болуп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда келишимдерге кол коюлган. Жетишилген келишимдердин алкагында эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосунда кийим-кече жана бут кийим өндүрүшүн, инвестициялык иш-аракеттерди жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Жогорудагы макулдашууларга ылайык, бүгүн Бишкекке жүктөр учак менен келди.

Бишкектеги аэропорттон жүктү президенттин администрациясынын аппарат жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. Ал "Сөздөн ишке өтүүгө мезгил келди. Жүк Түркмөнстандан келди, демек, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу башталды. Келечекте биздин кызматташуубуз кеңейет деп ишенем", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
-FREEDOM-
2021-06-29 23:02:07
Жардам ирээтинде келдиби же кандай?
+6
Aiymkan89
2021-06-29 23:04:05
-FREEDOM-,жок сатып беребиз. Алар биздин товарларды сатып берет
+6
Asmat84
2021-06-29 23:10:00
Aiymkan89,биздин эмнебизди сатып беришет
+11
Jaysan030
2021-06-29 23:56:26
Asmat84 олтурдун байке
+1
aslonur
2021-06-30 00:05:22
Asmat84, бизден да сүт, эт, кийим кече экспорт болуп турат тууган, анчалык деңгээлде эмеспиз
+20
Asmat84
2021-06-30 18:55:19
aslonur,ал айтканың туура дечи Бирок бизде экспортко чыгарууга бизде аз болуп атпайбы. Эттин баасы 550 600 сомго чыгып кетти. Сүттүн баасы деле бизде арзан эмес. Кийим кече дейин десең ал жакта бизден арзан турат.
Эң негизгиси кошуна колоңдор менен ынтымактуу болуп алыш бериш кылып турсак жакшы нерсе го
Бизге Түркмөнстан газ менен ГСМ ди жеткирип турушса жакшы болмок ал жакта өтө арзан дешет го
+1
Rifle_I
2021-06-30 00:41:04
Түркмөн элине боштондук тилеп койгула туугандар. Алар да биздин туугандарыбыз.
Түрктөр бизди тууганыбыз деп аябай сыйлашат экен. Түркмөн менен жолуга элекмин, кандай эл билбейм.
+2
Tursunbaev1978
2021-06-30 10:11:03
Rifle_I,Тажиктерден өлсө өлүгү артык
+4
Real98
2021-06-30 00:44:20
Ошондо эмне алардын товарын сатып алдыкпы? Логика барбы бул жерде?! Биздин ишкерлер эмне сатат аларга?
0
Tursunbaev1978
2021-06-30 10:08:24
Real98,Логика,Тажикистан жабылып,Түрменистан ачылды
+3
Real98
2021-06-30 20:15:49
Tursunbaev1978, Түркмөнстан өзүн өзү эптеп алсынчы биринчи
-1
Kona8631
2021-06-30 01:08:56
Бирок арзандаган эч нерсе жок
0
stal.ks
2021-06-30 02:07:43
Ошондо помидор сатып алдыкбы, самалет менен келсе жолгире кымбат тушуп калатго, лучше озбекстандан алса арзан тушмок
-5
NURSAPAR
2021-06-30 08:56:40
stal.ks Ооо айланайын, жол киреге кыжалат болбо, ал биздин проблема эмес. Сен сатып алып же деп эч ким зордобойт
+5
bekhaliev
2021-06-30 06:24:06
Помидору жакшы эмес турмен албагыла узб алгыда
-7
Rahim76
2021-06-30 11:56:25
Оздору карапайым эли кыйналып жатат.Эми 20 коробка товар келиптир да.Жардам.
Жардам сурвп эле журо бербей озбуз качан ондуробуз
-1
Alia82
2021-06-30 12:28:33
Бизде жок нерсе келсе бир жон, помидорду озубуздо остуруп сатса болбойбу дейм да...
-1
TIMON_BERKOWITZ
2021-06-30 20:45:10
Барган сайын белек берчу болсо, Сеулга же Пекинге барып келсинчи))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан