Бишкекте сейил бакта эс алып жүргөн 9 жашар бала дайынсыз болуп изделип жаткан. Октябрь РИИБинин кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан баланы таап, апасына өткөрүп берди.
Аталган бөлүмдүн маалыматына караганда, 29-июнда саат 21:30 чамасында укук коргоочуларга билдирүү келип түшкөн. Анда "Ынтымак" сейил багында 9 жашар бала дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө бир саат аралыгында "Адинай" жана "Ынтымак" сейил бактарынын ортосунда изделип жаткан бала аман-эсен табылып, апасына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.