Таласта 16 жаштагы кыз өгөй атасынан кош бойлуу болуп калды. Милиция шектүүнү издеп жатат

Таласта 16 жаштагы кыз өгөй атасынан кош бойлуу болуп калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБинин 102 кызматына Чымгент айылынын 35 жаштагы тургуну чалып, 2005-жылы туулган кызын 50 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп боюнда болуп калганын билдирген.

"Тергөө оперативдик ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда өгөй атасы качып кетип, жүргөн жери белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милиция бөлүмүнө барбай, аймактык милицияга 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси "зордуктоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында кыздын өгөй атасынын жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аны издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын күч каражаттар жумшалып, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sagyn.91
2021-06-30 09:32:41
Атыш керек
+6
Batken-i-love-you
2021-06-30 09:45:47
35 жаштагы келин 50 жаштагы чалга тийген экен да ошондо.Сакалын өрттөш керек алжыган чалдын.Таба эмес тообо.Тообо кылдым, тообо кылдым.
+9
aidai89
2021-06-30 10:13:22
Педофилизмге катуу ото катуу чара кормоюнчо зордуктоолор кобойгону кобойгон
+6
Dftyhbv
2021-06-30 10:49:27
Бычып салыш керек катындын к тамгасында эстей албай калсын Аллах ыйман ынсап берсин жаш кыздарды убалы тийсин
+5
Pepe93
2021-06-30 12:13:51
Туура жазгыла боюнда болуп калган эмес, боюнда кылып качып кеткен деп, 16 жашар кыз эмне айтын кылды беле, жаш бала ал, уяты жок, ошол жагы чирип даже сие албай калсын
+1
Zumrudianka
2021-06-30 15:20:38
Педафильдерге катуу катаал закон кабыл алынсын бычып салуу же ташбаран
+1
JaneEr
2021-06-30 16:26:38
Эмнеге сразу барбады апасы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан