Ысык-Көл облусунда жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнга караган түнү саат 02:20 чамасында Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда турган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.
Өрт болгон жерге Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, саат 02:40та чектөөгө алынып, 02:59да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.