"Евро-2020": Володимир Зеленскийдин жеңиштен кийинки сөзү жана команданын чечинүүчү бөлмөдөгү бийи

Футбол боюнча Европа чемпиондугунда Украина курамасы мыкты оюнун улантууда. 1\8 финалда Украина күчтүү делген Швецияны жеңип, турнирдин чейрек финалына жолдомо алды. Команда жеңишин чечинүүчү бөлмөдө укмуштуудай бий менен белгилешти.

Кайталангыс бийлери бар укмуштуу видео социалдык тармактарга тарады. Ал эми Украинанын президенти Володимир Зеленский оюн алдында футболчулар менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, колдоорун айткан.

"Биздин футболчулар өтө чечкиндүү деп ишенимдүү айта алам. Биз силерге жан тартабыз жана жеңишиңерге ишенебиз", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына Зеленский.

Швециянын үстүнөн жеңишке жеткенден кийин дагы Зеленский эмоциясын жашыра албай, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

"Ооба, бул жеңиш! Биз "Евро-2020" турниринин чейрек финалындабыз. 121-мүнөттө укмуштуудай чыңалуу жана сөз жеткис эмоция болду. Бул абдан сонун. Жигиттер, силерге терең таазим, ал эми Украинага даңк!", - деп жазып калтырган Зеленский.

Чейрек финалда Украина Англия курамасы менен кез келет. Бул беттеш 4-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө Италиянын Рим шаарында болот.

Украина жеңишин чечинүүчү бөлмөдө бий менен майрамдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан